Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

HRW: Кыргызстанда адамдар укуктарына коркунуч күч алды


Кыргызстанда адамдардын фундаменталдык укуктарына коркунуч күч алды жана бийлик аны токтотууга кудуретсиз болуп жатат. Эл аралык Human Rights Watch уюмунун адам укуктарынын 2008-жылдагы абалы боюнча кечээ тараткан баяндамасында ушундай деп айтылат. Уюм өз баяндамасында өткөн жылкы Кыргызстанда журналисттерге, бейөкмөт уюмдарга куугунтуктун күчөгөндүгү, качкындарды коргой албагандыгы, парламенттик шайлоого нааразы болгондорго кысымдар өңдүү мисалдарды келтирген. Жабыркагандардын катарында “Жарандык коом коррупцияга каршы”, “Кылым шамы”, “Тынчтык-маданият жарыгы”, “Лабрис” уюмдарынын, “Де-факто”, “Алиби” гезиттеринин жана алардын жетекчилеринин аттары аталган. Киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун өлүмүнүн себептерин иликтөө уланбай жатканы айтылган. Ошондой эле уюм президент Курманбек Бакиев “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар” жөнүндөгү мыйзамына кол коюу аркылуу жарандардын дин тутуу эркиндигин чектеди деп белгилеген. (BuS)

XS
SM
MD
LG