Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Түндүк Кореянын лидери мураскерликке эң кичүү улуун тандадыбы?


Түндүк Кореянын лидери мураскерликке эң кичүү улуун тандаганы тууралуу чалгын кызматындагы булактарына таянып, Түштүк Кореянын "Ионхап" кабар агенттиги билдирди. Бирок Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрү бул кабарды ырастай алган эмес. Бейрасмий маалыматка караганда, Ким Чен Ир анын ордун үч уулунун эң кичүүсү Ким Чен Ун басары жөнүндөгү чечимин 8-январда чыгарып, Түндүк Кореянын коммунисттик Жумушчу партиясынын жетекчилигине жолдогон. Ким Чен Ун коомчулукка аз белгилүү, жашы 25тин тегерегинде деп болжолдонот. Ким Чен Ир мураскерин тандагандыгы жөнүндөгү бейрасмий кабар анын саламаттыгы начарлап кетти деген маалыматтар айтылып жаткан учурга туш келүүдө.

XS
SM
MD
LG