Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Евробиримдик Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсүнө кошулууга даяр


Орусиянын премьер-министри Владимир Путиндин маалымат катчысынын билдиргенине караганда, ал орусиялык газдын Европага агымын калыбына келтирүү жолдорун талкуулоо үчүн алдыдагы ишембиде украин өкмөт башчысы Юлия Тимошенко менен Москвада жолугат. Эки тарап өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү өткөрүүнү макулдашканын украин премьер- министринин кеңсеси да ырастады.

Эки тараптын мындай сүйлөшүүлөрүнө кошулууга даяр экенин Евробиримдик да билдирди. Мурдараак ал газ талаш ишенимдүү ишкер өнөктөш катары Орусия менен Украинанын беделине шек келтирип жатканынын эскерткен.

Орусия Украина менен карыз жана баа боюнча талашынын аркасында 7- январда Европага газ берүүнү токтоткондон бери 18 өлкө көгүлттүр оттун олуттуу тартыштыгын сезип жатат.

Москва менен Киев Чыгыш жана Түштүк Европанын жз миңдеген тургундарын жылуулуксуз, ал эми ишканаларды өндүршүн токтотууга же кыскартууга мажбурлаган кырдаалдын түзүлүшү үчүн бири-бирин айыптоодо.

XS
SM
MD
LG