Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Бүгүн Таласта “Ата мекен” партиясы райондук конференцияларды баштайт


Анда партиянын облустук төрагасын шайлоо башкы маселелердин бири болору кабарланды. Партиянын Бишкек кеңсесинин маалыматына караганда конференцияларга катышуу үчүн Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Асия Сасыкбаева баштаган оппозициялык топ бүгүн Таласка барышат.
Ички иштер министрлиги кечээ милиция “Ата мекен” партиясынын конференцияларын уюштурууга тоскоолдук кылып жаткандыгы, кошумча күч алып баргандыгы жөнүндөгү маалыматты төгүндөдү. Милиция айдоочунун күбөлүгү жок болгондуктан, партиянын бир мүчөсүнүн автоунаасын токтотуп, автоунааны камакка алганын да маалымдады. Ошондой эле билдирүүдө министрдин орун басары Манас Акматбеков облустук милициянын 2008-жыл жыйынтыгын чыгаруучу чогулушуна катышуу үчүн Таласта жүргөнү айтылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG