Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

USAID “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” боюнча конкурсун жыйынтыктады


“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” деп аталган АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) долбоору 2008-жылдын январында муниципалдык мекемелер арасында конкурс жарыялаган. Конкурстун максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун алда канча ийгиликтүү өрнөктөрүн алып чыгуу, аны коомчулукка жайылтуу болгон. Конкурска катышууга айыл-шаарлардан 51 арыз түшкөн. Айыл өкмөттөрү арасында биринчи орунду жана 300 000 сомдук грантты Кадамжай районундагы “Көтөрмө” акционердик коому жеңип алса, шаарлар арасында биринчи орунду Өзгөн шаары жеңип алып, 300 000 сомдук грантка ээ болушту. Буга байланыштуу бүгүн Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “2008-жылдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эң мыкты мисалы” атуу конференция өтүүдө. USAID жыйын учурунда конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйламакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG