Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Айыл жеринде аялдардын 60 пайызы бойдон алдырганын күйөөсүнө айтпайт


Мындай маалыматты “Мутакалим” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы билдирди. Мындай жыйынтык Токтогул, Жалал-Абад жана Балыкчы аймактарында жүргүзгөн изилдөөдө анык болгон. “Аталган аймактарда үй-бүлө, бойдон алдыруу жана репродуктивдүү укуктар боюнча жүргүзүлгөн бул сурамжылоодо аялдардын 60 пайызы күйөөсүнө айтпай турганы жана айтуудан коркушаары белгилүү болду. "Район, айылдарга, карапайым кыргыздын жаранына ушул багытта маалымат жетпей жатат”,-дейт Ж.Фронтбек кызы. Ал эми “Сезим” кризистик борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулова бул жерде аялдар жабыркап жатканын, бул маселеде күйөөсү да жооптуу болушу керек деген пикирин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG