Тажик тарап өз чечимдерин жөнөтпөгөндүктөн бул аймакта жол куруу иштери токтоп турганын “Азаттыкка” бүгүн Баткен облусунун Тажикстандын Согду облусундагы өкүлү Жолдош Сатыбалдиев билдирди. Жолдун бул бөлүгү боюнча маселе өткөн жылдын ноябрында Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусунда негизги маселе катары каралып, тажик тарап бир жумадан соң өз сунуштарын жөнөтмөк болуп макулдашылган. Бирок белгиленген мөөнөттөн бир жарым ай убакыт өтсө да, тажик тарап бул маселе боюнча өз сунуштарын жөнөтүшкөн жок. (JsA)