Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Нарын шаарында 806 имараттын тактыгы аныктала элек


Мындай маалымат эл жана турак-жайды каттоого карата өткөрүлгөн бүгүнкү жыйында айтылды. Облустук статистика комитетинин жетекчиси Кыдыргыч Акматов облуста бир шаар, эки шаарча жана 133 айылдык конуштарда каттоо жүргүзүлөөрүн, мерчемделгенден 4994 турак-жай арбын катталаары күтүлүп жаткандыгын билдирди. Быйылкы жылдын март-апрель айларында боло турган эл жана турак-жайды каттоого карата облуста 64 каттоо бөлүмү, 651 каттоо участкасы түзүлгөн жана каттоого керектүү документтер толугу менен алынып келинген. Бирок байланыш, унаа боюнча керектелүүчү 955 миң сом жергиликтүү бюджет тарабынан чечиле элек. (KUs)

XS
SM
MD
LG