Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Ош: Ноокат тополоңу боюнча сотко эркин ММКнын өкүлдөрү киргизилбеди


Ноокат райондук соту 32 жаранды «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик партиясынын мүчөсү катары массалык башаламандыкты уюштурган, Конституциялык түзүмгө коркунуч туудуруп, төёкөрүш жасоого аракеттенген, жаш өспүрүмдөрдү кылмышка аралаштырган деп алдын – 20, артын - 9 жыл эркинен ажыраткан эле. Соттолуучулар жана жактоочулары мындай каардуу өкүмгө макул эместигин билдиришүүдө. Ош облустук сотунун жетекчиси Каныбек Бөкөев төрагалык кылган жараянга эркин массалык маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жолотулган жок. Ош облустук прокуратурасынан маалымдашкандай, мамлекеттик айыптоочулар Ноокат тополоңуна катышкан 32 жаранды жалпысынан 575 жылга кескен жана алардын эсебинен келтирилген зыяндарды өндүргөн райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырууну талап кылышууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG