Азыр 35 жаштагы спортчу Чоң Шлемдин 9 мелдешин жеңип алган. 1993-жылы Германиядагы мелдеш убагында аны бир киши бычак менен бутка сайып жиберген. Тенниске кайра кайтып келгенден кийин, 1995-жылы ал АКШнын ачык чемпионатын, 96-жылы Австралиянын ачык чемпионатын уткан. Селеш мурдагы Югославияда туулган, 1994-жылы АКШнын жарандыгын алган. Даңк залы АКШнын Ньюпорт шаарында жайгашкан.