Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Ө.Текебаевди Талас облусттук милициясы кармады


Талас облусттук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевди Калашников автоматын мыйзамсыз алып жүргөн деген негизде кармап, учурда тиешелүү протоколдорду түзүшүүдө. Мындан тышкары милиция кызматкерлери Текебаевдин автомашинасынан аңчылык үчүн Сайга автоматын жана дагы бир тапанча табышканынын “Азаттыкка” Таластагы кабарчыбыз Улан Асангелди билдирди. Облусттун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абай Кожомкуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Калашников автоматында 20 ок бар экени аныкталды. Ал эми мыйзам боюнча он гана ок менен жүрүүгө уруксат. Ал эми Ө.Текебаев автоматты алып жүрүүгө расмий уруксаты бар экенин, аны өзүнүн коопсуздугу үчүн алып жүргөнүн билдирди. (MSu)

XS
SM
MD
LG