Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Өмүрбек Текебаевди Таласта эмне үчүн кармашты?


Ишемби күнү Таластын Кара-Буура районунда эл менен жолугушуп жүргөн "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди милиция кармап кетти. "Азаттык" Өмүрбек Текебаев менен биринчилерден болуп байланышып, Таластагы окуялардын чоо-жайын билди.

- Азыркы саатка жагдайды айтып бересизби, эмне болуп атасыздар?

- Азыр биз Кара-Буура районунун ички иштер башкармалыгынын короосунда турабыз. Алар биздин буюмдардын баарын камаган атат. Мен жана менин айдоочум жөнүндө азырынча эч нерсе айтыла элек. Мыйзамдуу буюмдардын баарын камап атышат. Мисалы, биздин үн күчөткүч аппаратыбызды алып кетишти. Булардын негизги максаты ушул болгон болуш керек деп эсептейбиз.

Фотоаппарат, диктофон, видеокамера сыяктуу куралга тиешеси жок буюмдарды дагы алып атышат. Эң негизгиси 100 пайыз мыйзамдуу болуп турган куралды алып, ушуну мыйзамсыз алып жүрдүң дегенге аракет кылып атат. Мен ойлойм бул негизсиз нерсе. Булардын жалганчылыгы эртең чыгат. Бирок эптеп шылтоо менен бүгүн-эртең боло турган жыйналыштарды токтотуу максатында жасаган айлалары.

- Айрым маалыматтарда айтылып атат, сиздин жаныңыздан Калашников автоматы, винчестер жана башка курал чыкты деп. Анын баары мыйзамдуубу, аны эмне максатта алып бардыңар эле Таласка?

- Кандай куралдын баары чыкпасын, алардын баарын мен эки жылдан бери мыйзамдуу алып жүрөм. Анткени өзүмдүн өмүрүмө реалдуу коркунучту сезем. Анын далили катары бүгүн аким өзү жетектеп бир нече провокатор аялдарды жана эркектерди бизди көздөй тукурду. Биз милициядан, прокуратурадан аларды токтотуп бизди коргоп калышын сураганда, алар эч чара көргөн жок.

Бизди көздөй ар кандай предметтер, ошонун ичинде жумуртка менен дагы ургулаганга аркет кылышты, таш менен да ургулашты. Эгерде 20дай бизди коруп турган адамдар болбогондо ал жерде чоң чатак чыкмак. Бул аким өзү, прокурор, милициянын башчысы турган убакта болгон нерсе. Ал эми кечинде көчөдөн тосуп ар кандай аракеттерди жасашы мүмкүн. Ошон үчүн мен куралды эки жылдан бери мыйзам чегинде алып жүрөм. Бакиевдин убагы, Бакиевдин саясаты бизди ушуга мажбур кылып жатат.

- Өмүрбек мырза, сиздер чогулткан жерде канча эл бар, алардын реакциясы кандай болуп атат?

- Эртең менен Покровка айылында 500гө жакын адам катышкан биздин жолугушуубуз болуп өттү. Кара-Буурага кире берген эки жолду милиция тосуп машиналар менен ары жакка өткөрбөй коюшту. Биз ушул жерге келип жолугушуу өткөргөнгө мажбур болдук. Алар аны жолугушуу деп эсептебестен, мыйзамсыз митинг деп Кара-Бууранын прокурору дагы, Манас районунун прокурору дагы мага атайын официалдуу эскертүүлөрүн билдиришти.

- Мындан аркы пландарыңыз кандай жакынкы сааттарга, күндөргө?

- Биздин эртең эки жолугушуубуз бар. Ал биз кандай абалда болгонубузга карабай уланат. Балким бизди бул жерде кармап калышы мүмкүн. Азыр буюмубузду гана кармап атат, өзүбүз жөнүндө маселе чечиле элек. Бирок эмне болбосун биз жыйналышыбызды өткөрөбүз.

- Сиз айттыңыз бумдарыбызды кармап калды деп, сиз алып жүргөн жанагы куралдарды, үн күчөткүчтөрдүн баарын алып койдубу?

- Үн күчөткүчтү, фотоаппарат, камера, диктофонду таптакыр куралга тиешеси жок буюмдарды да алып коюшту.

- Юридикалык жактан алганда сиздерге кандай айыптарды коюп атышат?

- Азырынча айыпты кое элек.

- Таласта дагы жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүп атканда дагы тоскоолдуктар, чагым аракеттери болду деп айтылып атты эле?

- Бүгүнкү эки жолугушууда тең акимдер өзү башаламандыкты, тартип бузууну жетектешти. Кара-Буура районуна келгенде милиция Кара-Бууранын борборуна кире турган эки жолду тосуп, милициясы жана башка укук коргоо органдары өзүлөрү адамдардын граждандык укуктарын бузушту. Ал эми биз жыйын өткөрө турган кафенин ээсин коркутуп, ал жерди жаап киргизбей коюшту.

Жергиликтүү прокурордун орунбасары мыйзамсыз митинг өткөрдүң деген айыпты дагы мага такканга аракет кылып атат. Ал эми бизди ар кандай жаман сөздөрдү айтып, ар кандай предметтер менен, ошонун ичинде жумуртка менен урган 5-6 аял жана эркектер тартипти бузуп жүрдү. Аларды аким өзү жетектеди. Милициянын кызматкерлери аларды кой дегендин ордуна мыйзам бузуп атасынар деген кинени бизге коюп, токтотконго аракет кылышты.

- Өмүрбек мырза, “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү аларга куугунтук болуп жатканын буга чейин айтып келишпеди беле. Бүгүнкү болгон окуяны дагы кандай баалайсыз?

- Куугунтук аракети катары баалайбыз. Анткени менин, Жекшенкуловдун машиналарын опсуз токтотуп, айдоочулардын күбөлүктөрүн алып, биздин партиянын эки машинасын себепсиз эле камап коюп, кайра 1-2 күндөн кийин бергенге мажбур болуп атат. Ушунун баары бүгүнкү жана эртеңки боло турган жыйналыштарды бузуу аракеттери. Бирок бул аракеттери менен бийлик уттурду. Алардын анык жүзүн Талас эли көрдү. Эми менин оюмча бүткүл кыргызстандыктар жакында кабардар болот.

- Эртеңки жыйыныңыздар кайсы жерде болот?

- Эртеңки жыйыныбыз Бакай-Атада жана Манас районунда болот. Бизге кандай чара колдонбосун, камап салабы, же убактылуу изоляцияга алабы, биздин партиялаштар өз пландарын өзгөртпөйт.

- “Агым” гезитинде жарыяланган материалдар боюнча сиз эмне айта аласыз?

- Биз Америкага барганда, бириккен оппозиция кошулганда, Таласка окшогон региондорго чыкканда ушуга окшогон ар кандай материалдар байма-бай чыгып, жөн гана чыкпастан, гезиттер ашыгы менен чыгарылып, биз бара турган региондорго байма-бай таратылып турганы болуп атат. Бул боюнча биз жакынкы аранын ичинде официалдуу билдирүү жасайбыз.

- Маегиңизге рахмат.



P.S. Соңку маалымат боюнча, 17-январда Кара-Буура районунда эл менен жыйын өткөрүп жаткан учурда милиция тарабынан кармалган Өмүрбек Текебаевге прокуратура санкция берилбеген жыйын өткөрдү жана курал алып жүрүүнүн эрежесин бузган деген эки айып коюп жатат. Кара-Буура райондук соту Өмүрбек Текебаевге коюлган айыптоолорду ошол эле күнү кечинде карап баштап, күбөлөр толук келбегендиктен, ишти териштирүүну дүйшөмбүгө которду. Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” айткан сөзүндө милиция кармалган куралдарды алып калганын, ал эми фотоаппарат, үн күчөткүч аппаратураларды кайтарып бергенин билдирди. Куралдарды милиция кошумча экпертизага жөнөткөн жатат. “Ата Мекен” партиясынын лидери өз кезегинде милицияга ишенбей турганын билдирди.

“Айдоочунун дагы резина ок менен атуучу курал-жарагын бербей атат. Биз аларды кошумча экспертизага жөнөтөбүз, силер башка жерде адам өлтүргөн экенсиңер деген ойду айтып отурат. Биз бул куралдардан ок атып, патрондорун жана атылган окту алып, кийинчерээк, балким, кылмыш болгон жерлерге таштап коюу үчүн пайдаланабы деген шек санообузду ачык айтып отурабыз”,-деди Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка”.

XS
SM
MD
LG