Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Таласта “Ата Мекен” партиясы жыйын курду


Таласта “Ата Мекен” партиясынын шаардык конференциясы болуп өттү. "Атамекенчилер" жергиликтүү бийлик өкүлдөрү конференцияны өткөзбөөгө ар кандай бут тосууларды жасап жатышканын айтып арызданышты.

Конференцияны Кыргызстандагы экномикалык саясий кырдаал тууралуу сөз сүйлөп, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев ачты. Үй бүлөлүк башкарууну жок кылуу, коррупцияга каршы иштерди жүргүзүү, жерлерди, сууларды саткандарды жоопко тартуу керек, оппозициячылардын баштарын кошуп, бийлик күчтөрү менен тең салмактуулукка жеткизүү зарыл.

- Биринчи кезекте Президент түз эмес, партиялык тизме менен райондун же шаардын кеңешин шайласын, кайсыл утуп алган партия болсо акимди ошол дайындасын. Бул эмнени билдирет! Бул коррупцияны жоготот. Акчаны президенттин тууганына же болбосо өзүнө алып барып берип же тааныш издеп, сиздин ишиңизди жасап берем деп барып аким болбостон элди карап элге кызма кылып калат,-
деген сунуш айтты Өмүрбек Текебаев.

Өмүрбек Текебаев сөзүнүн аягында чөнтөк телефон аркылуу оппозициядан кетти деп маалымат тарап аткан Болот Шерниязовдун үнүн элге угузду. Б. Шерниязов аны “оппозициядан кетти, үй-бүлөсү менен Америкага качып кетти” деген сыяктуу маалымат каражаттарындагы ушак-айыңдарга ишенбегиле деп билдирди:

“Шерниязовду атып салып эле өлүгүн сүйрөп кетпесеңер - ал кетпейт оппозициядан, ал өз санаалаштарын сатпайт. Шерниязовду өз эли-жеринен ургулап качырууга бул бийликтин “жумурткасы” да жетпейт”.

Б. Шерниязов ошондой эле бийликтен тазалыкты талап кылган оппозициялык «Ата Мекен» партиясы өзү да таза болуш керек деп билдирди:

“Жаман менен жакшыны ажырата алабаган бийлик – өлгөн бийлик. Жаман менен жакшыны ажырата албаган оппозиция - өлгон оппозиция.... Карама-каршы көз караш бийлик менен оппозициянын ортосунда эмес, партиянын ичинде да болуп, ошондон тыянак чыгара алсак ошондой партиянын келечеги болоруна ишенем. Таластагы “Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү өз арасын кирдетпейт, таза сактап, өз принцибинен тайбай, элдин ишенимин жоготпойт деп ишенем”.

Таластын губернаторунун басма сөз катчысы Бакай Садыров соңку учурда Таласка байма-бай каттап, ар кандай акцияларды уюштуруп жаткан “Ата Мекен” партиясынын саясатчыларынын Президентти кызматтан кетирүү жөнүндөгү ураан чакырыктарды жасашына эч кандай негиз жок деп эсептейт.

Ал эми укук коргоочу Асия Сасыкбаева азыркы бийлик өкүлдөрү опозицияны катуу куугунтукка алып жатканын, бирок опозициячылар мындан коркпош керектигин айтты:

-Жетелеп, машинеге тыгып, милицияга алып барып, анан милициядан кийин сотко алып барышты. Ушундай нерселерди кылып жатат! Бирок биз коркпой эле жасап жатабыз, аткени биз жасабасак - ким жасайт? Ошондуктан силер деле коркпогула, ар бирибиздин укугубуз бар, алардын акысы жок бизди коркутупүркүткөнгө.

Конференциянын сонунда “Ата Мекен” партиясынын Талас шаары боюнча кенешине жети мүчө шайланып, Муктарбек Шералиев кеңештин төрагалыгына шайланды. Аталган жыйынга опозиция өкүлдөрүнүн айтымында 250 адам катышты. Бийлик өкүлдөрү өз кезегинде “Ата Мекендин” жыйынына 50дөй гана адам келди деп жатат.

Жыйындын соңунда конференцияга кечигип келген “Ачык Саясат” гезитинин башкы редактору Бабур Жээнбеков анын автоунаасы Талас райондук ички иштер башкармалыктын кызматкерлери тарабынан камакка алынганын билдирди.

- Эмнеге токтоттуңар десем, силер нарушения кылып жатасыңар дейт. Эмне нарушения десем силер газет таратып жатасынар жана жолдун оң жагына бир чыгып, сол жагына бир чыгып айдап келе жатасыңар дейт.

Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Шамбет Кубатбеков өз кезегинде Бабур Жээнбековдун автоунаасы камакка алынган себебин “Азаттыкка” төмөнкүчө түшүндүрдү.

- МАИ кызматкерлердин кармаганы айдоочуга болгон ишеним кагазы жок экен. Ошонун негизинде азыр мына биздин короодо камалып турат машине.



XS
SM
MD
LG