Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

А.Жекшенкулов: Жергиликтүү бийликке жогору жактан көрсөтмө болгон


Ошондуктан жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары мыйзамды одоно бузуп, БЭКтин мүчөлөрүнүн эл менен жолугушуусуна бут тосуп, тукурук уюштурууда, деп билдирди БЭКтин мүчөсү, “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов. Анын айтымында, 17-январда Таластагы милиция кызматкерлери жолду тороп, БЭКтин мүчөлөрүнүн авто унааларын өткөрбөөгө аракет кылышып, эл менен жолугушуу өткөрө турган имаратты жаптырып салышкан. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация, укук коргоо органдары Конституцияны бузуп, мыйзамсыз аракеттерге барып, жогорку бийлик тарабынан берилген көрсөтмөнү ашыкча аткарууга аракет кылышууда”,-дейт Жекшенкулов. Ал ошондой эле БЭКтин мүчөлөрүнүн алдыдагы эл менен жолугушуусуна карата бийлик тарабынан чагым уюштурулуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөнүн кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG