Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

“Ата Мекен” Бакай-Атадагы эл менен жолугушуусун токтотууга мажбур болду


Партиянын жыйынына чагымчылар келип “Бизге тынчтык керек!”, “Өмүрбек Текебаевди укпагыла!”, “Бул жерден жоголгула!”,-деп кыйкырышып, партиянын мүчөлөрүнүн эл менен жолугушуусун үзгүлтүккө учуратышты, деп билдирди Таластагы кабарчыбыз Уланбек Эсенгелди уулу. Анын айтымында, үч аял оппозицияга наалат айтышып, Роза Отунбаеваны Таласка жолобоо талабын коюшту. “Ата Мекендин” мүчөлөрү кырдаал курчуп кетпесин дешип эл менен жолугушуусун токтотууга мажбур болушкан. Эскерте кетүүчү жагдай Роза Отунбаеванын төркүнү Бакай-Атадан. (AJ)

XS
SM
MD
LG