Бүгүн Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу иш каралат. Текебаевге Кара-Буурада мыйзамсыз түрдө митинг уюштурган жана курал-жарактар боюнча мыйзамды бузган деп айып коюлууда. Ал эми ушул эле күнү “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов менен “Ата Мекендин” Талас облустук бөлүмүнүн башчысы Койсун Курманалиевага байланыштуу ишти Манас райондук соту карайт. Аларга райондо мыйзамсыз түрдө митинг өткөргөн делип айып тагылууда. (AJ)