Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында суннийлердин партиясы - Улуттук диалог фронтунун төрага орун басары өлтүрүлдү. Жанкечти өзүн Хассан Зайдан ал-Лихебинин үйүнүн жанында жардырып жиберген. Партиянын лидери Салех ал-Мутлак анын орун басары эки вилайетте шайлоо өнөктүгүн жетектеп келгенин билдирди. 31-январга белгиленген аймактык шайлоо күнү жакындаган сайын Ирактын айрым аймактарында кырдаал курчуганы кабарланууда.