Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Батыш басма сөзүндө Борбор Азиядагы дин маселеси


Борбор Азия өлкөлөрүндөгү дин маселеси, мурдагы совет өлкөлөрүндөгү менчиктештирүү жараяны жана Түркия менен Армения ортосундагы мамилелер Батыштын басма сөз каражаттарында орун алды.

“Президент Курманбек Бакиев 12-январ күнү кол койгон “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзам адамдын укуктарын коргоочу уюмдардын сынына кабылды” деп жазылат Eurasia View интернет баракчасында чыккан макалада.

Анда, жаңы мыйзамга ылайык, адамдарды башка диндерге үгүттөөгө, жеке диний окуу жайларын ачууга, диний адабиятты таркатууга, ошондой эле балдарды диний уюшмаларга тартууга тыюу салынаары белгиленип, баш кеңсеси Осло шаарында жайгашкан форум 18 уюмунун Кыргызстандын адамдын укуктары боюнча акыйкатчысы Турсунбек Акун менен өткөргөн маегинен үзүндүлөр келтирилет.

Баракчанын маалымдашынча, Турсунбек Акун маегинде жаңы мыйзамды эл-аралык нормаларга жооп бере албайт жана чакан диний коомдордун өнүгүүсүнө бөгөт коюучу чектөөлөрдү камтыган деп сынга алган. Макалада бир катар диний конфессиялардын өкүлдөрү менен болгон маектерден үзүндүлөр берилип, жаңы мыйзам АКШнын Хелсинки комиссиясы, ЕККУ өңдүү эл аралык уюшмалар тарабынан да сынга алынганы баяндалган.

Eurasia Viewда Борбор Азияда дин маселеси тууралуу жарыяланган экинчи макалада болсо, казак президенти Нурсултан Назарбаев кол койбой Конституциялык кеңешке кайра карап чыгуу талабы менен шилтей салган дин боюнча жаңы мыйзам талдоого алынат. Казак парламентинен өткөн мыйзам адегенде көптөгөн жарандык уюмдар, батыштык өкмөттөр жана дүйнөлүк диний лидерлер, анын ичинде Рим папасы Бенедикт 16-тарабынан кескин сындалганы макалада белгиленип, президент Назарбаевдин мыйзамга кол койбой, анын кайра кароого жиберилишин бейөкмөт уюмдарды тынчыткандай болгону ырасталат.

New York Times гезити ишембидеги санында, британиялык “Лансет” аттуу медициналык журналда жарыяланган бир изилдөөнүн жыйынтыгына таянуу менен, постсоветтик эрада көптөгөн экссоветтик жумуруяттарда жана Варшава пакты өлкөлөрүндө өзгөчө Орусияда обу жок менчиктештирүүнүн айынан өлүм деңгээли салыштырмалуу жогорулаганын жазып чыккан.

Түркияда чыгуучу ZAMAN гезитинин жекшембидеги санында, Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажандын Түркия-Армения байланыштары тууралуу басма сөз өкүлдөрү менен болгон маеги жарыяланган.

Бабажан мырза эки кошуна өлкөнүн мамилелеринин нормалдашуу планына эч качан ушунчалык жакындашылбаганын белгилеп, бардык дипломатиялык чатактар оң багытта жүрүп жатканын билдирген. Ал ошондой эле, Армения менен эми жылуу маанайда сүйлөшүлүп жаткан кезде АКШнын 1915-жылдагы окуялар менен байланыштуу туура эмес бир кадам таштоосу бул нормалдашуу жараянына терс кесепетин тийгизээрин эскерткен.
XS
SM
MD
LG