АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус 18-январда Кыргызстанга таанышуу сапары менен келди. Бүгүн ал Бишкекте президент Курманбек Бакиев баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушуп, стратегиялык өнөктөштүк маселелерин талкуулаганы жатат. Кечке жуук АКШнын аскерий өкүлү “АКИпресс” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.
Дэвид Петреус буга чейин Ирактагы коалициялык күчтөрдү башкарып турган. Ооганстан, Ирак өңдүү өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын аймактык аскерий күчтөрүн 2008-жылдын 31-октябрынан бери башкарып жатат. Өткөн аптада ал таанышуу сапары менен Казакстанда, Тажикстанда болду. Би-Би-Си кызматынын маалыматына караганда Петреус өткөн аптада Казакстанда журналисттин суроосуна жооп берип жатып АКШнын Кыргызстандагы аскерий аба күчтөрүн чыгаруу маселеси көтөрүлбөгөндүгүн билдирген.
Ага чейин Орусиялык бир катар маалымат каражаттары президент Курманбек Бакиев Орусияга иш сапарга (сапар февралга болжолдонууда) чыгаар алдында АКШнын Кыргызстандагы аба-аскерий базасын чыгаруу тууралуу бир тараптуу чечим чыгарууга кам көрүп жаткандыгын маалымдашкан. Кыргызстандын расмий тарабы бул маалыматты төгүндөй элек.
АКШ баштаган антитеррордук коалициянын аба-аскерий күчтөрү Кыргызстанда 2001-жылдын декабрынан бери жайгашып турат. (BuS)