Мындай чечимди Манас райондук соту 18-январда түн ортосуна жакын чыгарып, Манастагы жыйын боюнча “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов менен “Ата Мекендин” Талас облустук бөлүмүнүн башчысы Койсун Курманалиевага эскертүү берди. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдады. Кара-Буура жыйыны боюнча сот отуруму учурда өтүп жатат. Эки райондун ички иштер бөлүмдөрү “Ата-Мекен” партиясы жыйындарды уруксатсыз өткөрдү деп, Административдик Кодекстин 312-беренесинин негизинде ишти райондук сотторго өткөрүшкөн. Оппозициялык партия Талас аймагында өзүнүн райондук конференцияларын 16-январда баштаган. (BuS)