Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

БЭК президент Бакиевди чагымчыларга чара көрүүгө чакырды


Бул тууралуу бүгүн "Бириккен элдик кыймыл" чукул жыйында кабыл алган билдирүүдө айтылат. БЭК чукул жыйынын Таластагы “Ата-Мекен” партиясынын айланасындагы окуяларга байланыштуу чакырып, анда кабыл алган билдирүүдө облустук, райондук мамлекеттик бийликтер жалданма адамдар аркылуу жумуртка, таш ыргытышып, айылдарга партиянын тарапкерлерин киргизбөө, жаңжал чыгаруу аракетин жасашты, милиция кызматкерлери аркылуу жол тостурушту деп айтылат. Билдирүүдө Кыргызстандын мыйзамдарын жана эл аралык нормаларды бузган бийлик өкүлдөрү жоопко тартылышы керек деп айтылат. Ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Ө. Текебаевге карата анын жеке курал-жарактары боюнча жасалып жаткан куру дооматтар токтотулуп, мыйзам чегинде чечилүүгө тийиш, эгер бийлик мындай аракеттерди уланта берсе эл кыжырданган бийликтин ыплас иштерине каршы чыгышы мүмкүн" деп айтылат кайрылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG