Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Исмаил Кочкаровдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


18-январда түнкү саат экиде №8 түзөтүү абагында отурган карачайлар ассоцияциясынын башчысы Исмаил Кочкаров киши колдуу мерт болду. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалымат катчысы Сергей Сидоровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда Кочкаровду жаза өтөп жаткан эки айыпталуучу бычактап өлтүрүшкөн. Киши өлтүргөндүгү үчүн 18 жылдан жаза алышкан К. Сыдыков менен И. Базарбаев муну моюндарына алышып, себебин мурдагы кырды-бычак мамилеси менен түшүндүрүшкөн. Сидоровдун билдиргенине караганда киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Мындан тышкары окуя катталган абактын кызматкерлери үчүн кызматтык иликтөө башталды жана кылмышка жол берген кызматкерлерге катуу чара көрүлөт деди маалымат катчы. Мурда кабарлангандай Бишкек шаардык соту 12-январда Исмаил Кочкаровго бирөөнүн мүлкүн күч менен тартып алды деп 9 жыл жаза чектеген. Маркум Кочкаров “Тынчтык” партиясынын лидери саналган маркум Рысбек Акматбаевдин санаалашы болгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG