Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

ИИМ экстремизмге каршы күрөштүн кошумча чараларын иштеп жатат


Мындай тапшырманы министр Молдомуса Конгантиев өткөн аптадагы семинар-кеңешмеде тергөө, тогузунчу, коомдук тартипти сактоо бөлүмдөрүнө берди. Семинарда негизги көңүл коомдо экстремизмге, диний, расалык чыдамсыздыкка келишпес маанай түзүү механизмин иштеп чыгууга бурулду. Министр экстремисттик аракеттерди жасагандардын эсебин алуу, диний айыгышты жараткандарды тергөө боюнча биргелешкен топ түзүү зарыл деди. Ошондой эле жогорку окуу жайларда жана мектептерде диний экстремизмдин жандануусун алдын алуу чараларын күчөтүүнү талап кылды. Бул тууралуу бүгүн ИИМдин басма сөз кызматы маалымат таратты. (BuS)

XS
SM
MD
LG