Yч апта бою Израиль Газа тилкесинде ХАМАСтын объектилерине чабуул коюп, эми ок атышууну токтотконун жарыя кылды. Анын артынан ХАМАС да бир аптага атышууларды токтотоорун билдирди. Израилдин өкмөт-башчысы Эхуд Олмерт анын өлкөсүнүн түштүгүнө ракета аткан жикчилерге каршы операция максатына жеткенин жарыя кылды. ХАМАСтын лидери Исмаил Хания болсо, тетирисинче, алар “Израилди жеңишкенин” айтып жатат. Израиль Газага чабуулун 27-декабрда баштаган. Андан бери Палестинада 1 миң 300 адам набыт болду. Израилден болсо 13 киши окко учту.