Бул тууралуу кечээ “АКИпресс” агенттигинде берген маалымат жыйынында АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус билдирди. Анын айтымында, кыргыз бийлиги менен жолугушууда террорчулукка жана маң заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы программа талкууланып, Кыргызстандын аскер күчтөрүнө жардам берүү маселеси козголду. Буга байланыштуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу жана кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн февраль айында комиссия жөнөтүлөөрүн белгилеген Петреус АКШ Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жөнөтүүсү мүмкүндүгүн айтты. (AJ)