“Газпромдун” жана “Нафтогаздын” жетекчилери Алексей Миллер менен Олег Дубина келишимге Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен Украинанын өкмөт башчысы Юлия Тимошкенконун көзүнчө кол коюшту. Табыгый газдын соода-сатыгында Орусия менен Украина быйылкы жылдын 1-январынан тартып европалык рыноктун наркына өтүшкөнүн белгилеп, Путин бул эреже эки тараптын мамилелерин узак мөөнөткө нормалдаштыра турганына ишенич билдирди. Юлия Тимошенко да макулдашылган бааларды абдан калыс негиздеги чечим деп атады.