Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Орусиялык адвокат С.Маркелов киши колдуу болду


Орусиялык полковник тарабынан өлтүрүлгөн чечен улутундагы кыздын үй-бүлөсүнүн адвокаты Станислав Маркеловду кечээ белгисиз бирөө атып кетти. Маркеловдун жанындагы журналист Анастасия Бабурова дагы оор жарааттан улам набыт болгон. Станислав Маркелов Элза Кунгаеванын үй-бүлөсүнүн адвокаты болчу. Элза Кунгаева 2000-жылы Чеченстанда полковник Юрий Буданов тарабынан өлтүрүлгөн. 10 жылга эркинен ажыратылган Буданов жакында эле абактан чыккан. Адвокат Маркелов буга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүп, анда Будановго карата кайрадан кылмыш ишин козголушу керектигин, бул багытта аракет көрүп жатканын айткан. Ошол маалымат жыйынынан кайтып келатканда аны Москванын борборунда белгисиз адам атып кеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG