Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

СДП: Бийлик оппозицияга каршы таш, жумуртка менен күрөшүүдө


Бул тууралуу бүгүн СДП фракциясы Талас аймагына эки депутаттын иш сапарынын жыйынтыгы боюнча тараткан маалыматта айтылат. Анда белгиленгенге караганда депутаттарга шайлоочулар менен жолугушууларга жергиликтүү бийлик тоскоолдук кылды, чагымдар жасалды, ыплас ыкмалар колдонулду. Депутаттар, саясий партиялар менен кызматташуунун ордуна Конституциянын, “Депутаттар жөнүндөгү”, “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзамдардын жоболорун бузушту. Президент Курманбек Бакиев башында турган азыркы бийлик Кыргызстанды өнүктүрүүнүн кайгылуу жолун даярдап жатат деп айтылат маалыматта. Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын депутаттары Бакыт Бешимов менен Роза Отунбаева 16-18-январда Таласка шайлоочулар менен жолугушуу жана БЭК менен кызматташтык келишиминин негизинде “Ата-Мекен” партиясынын конференцияларына катышуу үчүн барышкан. Таластын жергиликтүү бийлиги болсо бул күндөрү оппозицияны уруксатсыз жыйындарды уюштурду деп күнөөлөгөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG