Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

“Ак шумкар” партиясын Адилет министрлиги каттоодон өткөрбөй жатат


Бул тууралуу аталган партия билдирүү таратты. Анда Адилет министрлиги “Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо” туурасындагы Жобого шылтап , Конституцияга карама-каршы мамиле кылып жаткандыгы айтылат. Ошондой эле “ Ак шумкар” партиясын каттоодон баш тартуунун өзү, бийликтегилердин саясий кызыкчылыгы бар экендигинин белгиси. Бүгүнүкү күндө бийликтегилер эки жүздүү стандарттарды колдонуу тажрыйбасына жакшы көнүп алышты. Буга “Ак шумкар” партиясынын кайра катталбай жатышы күбө”,-деп белгиленген кайрылууда. Адилет министрлигинин мыйзам бузуусунун далили катары “Ак жол” партиясын тиешелүү деңгээлде текшербей туруп бир күндө каттоого алганы мисалга көргөзүлгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG