Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Келерки аптада Ооган тышкы иштер министри Чехияга барат


28-январда Чехиянын ордо калаасы Прагага Ооганстандын тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спанта келери күтүлүүдө. Ооган министри менен Чехиянын тышкы иштер министри Карл Шварценберг жана Евробиримдиктин тышкы мамилелер боюнча атайын өкүлү Бенита Ферреро-Валднер жолугушат. Сүйлөшүү маалында Евробиримдик менен Ооганстан ортосундагы мамилелер, өлкөдөгү кырдаал жана Ооганстандын өнүгүү боюнча улуттук стратегиясы талкууланары күтүлүүдө. Чехия - Евробиримдиктин учурдагы төрагасы.

XS
SM
MD
LG