Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Р. Жээнбеков: Обама Американы бириктирди


АКШда жаңыдан шайланган президент Барак Обама кечээ ант берип, расмий түрдө президенттикке киришти. Салтанат кандай өткөндүгү жана кыргыз-америка мамилелери тууралуу “Азаттыкка” АКШдагы кыргызстандык белгилүү саясатчы Равшан Жээнбеков маек куруп берди.

- Алгач Америкада жаңыдан шайланган Барак Обаманын ант берүү салтанаты кандай өттү, ушуга токтоло кетсеңиз. Бул окуяны бардык жергиликтүү да, дүйнөлүк массалык маалыматтары да чагылдырып турушса керек.


- Президенттин ант берүүсү жогорку деңгээлде өттү. Башка мамлекеттерден өзгөчөлөнүп, Америка чет элдик президенттерди же расмий адамдарды чакырбайт. АКШнын мурдагы президенттери, Жогорку Соттун өкүлдөрү жана каалаган адамдар билет сатып алып ант берүү салтанатына катышты. Бул салтанатка 2,5 миллиондон ашуун адам катышты. Бул Американын тарыхындагы адамдар эң көп катышкан азем болду деп айтылып жатат.

- Элдин маанайы кандай болду?

- Мени таңкалдырганы улуу болобу, кичүү болобу, ак түстө же кара түстө болобу, баардыгы бир улут экенин сездим. Обама өзү белгилегендей, бүгүнкү күндө улуттун биримдигин жаңы шайланган президент аркылуу жакшы бир көрсөткүч болуп турганы сезилди.

- Обама АКШ үчүн чоң кыйынчылыктар пайда болуп турганда бийликке келбедиби? Согушчан республикачылардын жадап бүткөн америкалыктар Обаманы милдеттерди аткара турган инсан катарында аябагандай чоң үмүт менен президенттике шайлашты. Равшан мырза, сиздин көз карашыңызда эми бул үмүттөр канчалык деңгээлде ишке ашат, кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн?

- Албетте, үмүттөр абдан чоң. Б.Обама жана анын командасына аябай зор үмүттөрдү артып жатышат. Менин оюмча, бүгүнкү күндө Обаманын эки чоң жетишкендиги бар. Биринчиси-Америка улутун бириктирди, экинчиси-Обамага болгон ишеним жогорку деңгээлде. Бул эки нерсени бириктирип туруп, мамлекетте кандай гана кыйынчылык болбосун чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

- Обаманын президенттикке келиши расмий Вашингтондун Борбор Азияга карата саясатына кандай таасирин тийгизет деп деп ойлойсуз?

- Обама бүгүн сүйлөгөн сөзүндө Борбор Азия боюнча эч нерсе айткан жок. Бирок Ооганстан боюнча баса белгилеп айтты. Ооганстанга болгон мамиле сөзсүз түрдө Борбор Азия аркылуу болот. Ошондуктан мен ойлойм Б.Обаманын келиши менен Борбор Азия мамлекеттерине, өзгөчө Кыргызстанга көп көңүл бурула баштайт.

- Апта башында АКШнын аскерий командачылыгыны башчысы, генерал Девид Петреус Бишкекке келип, “Манас” аскерий базасынын чыгарылышы боюнча ММКларда тараган маалыматтар негизсиз деп билидирди. Ошого карабастан бул демилге кайрадан көтөрүлсө эки мамлекеттин мамилелери кандай нукта өнүгөт деп ойлойсуз?

- Генерал Петреус АКШда эң таасирлүү генералдардын бири болуп эсептелинет. Кыргызстанга келиши белгилүү окуялардын бири десек болот. Ал эми биздин бийлик саясий шантаж менен бул базаны Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселесин көтөрсө, бул Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн чоң зыян алып келет. Анткени биз бул база аркылуу дүйнөлүк цивилизациянын бир бөлүгү болуп, дүйнөлүк глобалдык саясатта кичинекей болсо да ролду ойной баштадык. Биздин бийлигибиз ошону да жок кыла турган болсо, Кыргызстан акырына чейин изоляцияга түшөт.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG