Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

АКШдагы демократия жеңиши


Барак Обама ант кармоодо. 2009-жылдын 20-январы.
Барак Обама ант кармоодо. 2009-жылдын 20-январы.

Айрым саясaтчылар Барак Обаманын АКШнын 44-президенти болушу 21-кылымдагы тарыхый окуя болуп каларын айтышyуда. 20-январда аземдин эн салттуу жана салтанаттуу бөлүгү - Барак Обаманын президенттик кызматка киришүү анты болду. Бир жарымдан 2 миллионго чейинки адамдардын алдында Барак Обама мындан 140 жыл мурун Абраам Линкольн кармаган Инжил китебине колуп коюп, “Мен Барак Хусаин Обама" деп өзүн атап, 35 сөздөн турган президенттик кызматка киришүү антын берди.

Андан соң ант берген президент 20 мүнөткө чукул болгон өз кайрылуусун АКШны биримдикке чакыруу менен баштап, жалпы кызыкчылык өз ара урматтоо нугунда болушун белгилеп, андан соң дүйнө кириптер болуп жаткан бир катар көйгөйлөргө токтолду. Айрымдар президенттин сөзү өтө эле жалпылаган мүнөздө болду дешсе, башка бирөөлөр президенттин сөзү адаттагыдай мүнөздө болгону менен, бул окуянын өзү өзгөчө деген ишенимде. Саясий серепчилер АКШ президенттеринин ичинен А. Линкольндун эки жолку, Р. Рузвельттин жана Ж. Кеннединин гана ант берүү аземинде сүйлөгөндөрү тарыхта калганын белгилешет.


АКШда жашаган мекендештерибизди президент Барак Обама жана анын өлкө башчылыгына келиши тууралуу ой-пикирлерин билүү максатында кепке тарттык. Вашингтондогу Мэриленд университетинин докторанты Эмилбек Жороев АКШнын жаңы президентинин ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзү тууралуу мындайча ой бөлүштү:

"АКШнын буга чейинки кырк үч президенттеринин баары актардан эле. Алар конкреттүү саясий маселелердин негизинде бир платформаларды иштеп чыгып, жеңишке ээ болушкан. Барак Обаманын миссисиясында конкреттүү бир суроолордон тышкары дагы башка бир чоңураак маселелер турат. Ал АКШ коомчулугунун биригиши, расалык топтордун биригиши деген чон маселелер."

Теги каралар Обаманын президент болушу менен кылымдар бою эңсеп келген үмүт-тилектери орундалгандыгын, Америка коому ак-кара деген ажырымдан кутулгандыгын майрамдашууда.

Ал эми АКШнын Түштүк Каролина штатында жашаган “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов, бул окуя эң алгач АКШдагы демократиянын жеңиши экендигине ишенет:

"Барак Обаманын шайланып калышы анын өңү-түсүнө эмес, ошол мамлекетте демократиянын эң бийик деңгээли бар экенинен шайланды. Демек АКШда түсүнө, жынысына карабастан мыкты саясатчы, элдин келечегин аныктай ала турган кандай гана адам болбосун шайлоодо жеңет деген жыйынтыкка келсе болот. Демек бул жерде шайлоо таза, өтө бийик демократиялык деңгээлде өтөт".

АКШнын 44-президенттинин ант бериши өлкөнүн чыгыш жээгинде бийик маанай менен белгиленди. Ал эми АКШнын ортоңку батыш тилкесиндеги консервативдүү делген штаттардын маанайын билүү үчүн Юта (Utah) штатынын университетинин профессору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бактыбек Абдрисаев менен байланышканыбызда, ал буларга токтолду:

- Бул жактагы тургундар Барак Обаманын сүйлөгөн сөзүн угуп, программалары менен таанышып бир топ сын көз менен карaшат. Бирок президентти шайладык, эми иш-аракеттерин карайлы деп айтышууда. Экинчи жагынан өкмөт бул - өкмөт, биздин өз колубуздан деле көп нерсе келет дешет. Негизи Барак Обама өз милдетин аткара берсин, А биз дагы өз аракетибизди жасай берели деген ишенимде турушат.


АКШдагы адам укуктары, мыйзамдуулуктун кол тийбестиги, тандоо эркиндиги сыяктуу баалуулуктарды туу тутуп, демократиялык чакырыктарды дүйнөгө жар салып келет. Вашингтондогу эл аралык бизнес боюнча изилдөөчү Акылбек Жумабаев Барак Обаманын жеңиши – бул өлкөдөгү aзаттыктын добушу дейт:

- Обаманын ант берүү аземин алып барган сенатор Даян Фейнштейн айымдын салтанатты ачып жаткандагы сөздөрү көңүлгө абдан жакын болду. "Бүгүн бүткүл дүйнө жүзү биздеги чыныгы демократияга күбө болуп, бийликтин тынчтык жол менен өткөрүлүп берилишин көрүп жатышат.

Бир жагынан алып караганда бул жөнөкөй эле сөздөр, экинчи жагынан бул сөздөрдү жарыя кылуу үчүн АКШ кылымдарды басып өттү да. Андан башка Даян айым дагы бир сөз айтты: "Өз лидерин тандоо жана шайлоо эркиндиги бул азаттыктын белгиси жана азаттык жолу". Кыргыз элинин алдындагы абдан оорчундуу нерсе - биздин өз лидерибизди өзүбүз каалагандай тандоо жана шайлоо маселеси. Бул чындыгында эле азаттыктын эркиндиги жана жолу экендиги бүгүнкү күндө бизге дагы абдан маанилүү болуп турат.

Деген менен, Барак Обаманын түркүн түстүү, көп тараптуу Америка Кошмо Штаттарынын президентинин милдетин аткарууга келиши учурда өлкө экономикасы оош-кыйыш болуп турган мезгилге туура келди. Ага кошумча болуп Ирак менен Ооганстандагы али басылбаган жанжалдар, мусулман дүйнөсү менен Батыштын тиреши курчуп турганда – "АКШдагы үмүт-тилектин символу" болгон Барак Обаманын саясий сапары кандай болот деген суроо ар бирибизге кызыктыр.



  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG