Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

БУУнун баш катчысы палестиндерге жардам берүүгө убада берди


Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун Израилден БУУнун Газа тилкесиндеги имараттарына кол салууларын түшүндүрүүнү талап кылды. БУУнун баш катчысы Газа тилкесине шейшемби күнү барып, палестиндерге жардам берүүнү убада кылган. Израилдин Газадагы 22 күнгө созулган чабуулдарынан 1 миң 300 адам набыт болуп, миңдеген адамдар турак-жайсыз калды. 18-январда Израил менен Хамас тобу элдешүү жарыялагандан кийин Израил Газа тилкесинен өз аскерлерин чыгарып кетти.

XS
SM
MD
LG