“Ак жол” фракциясынын депутаты Гүлнара Дербишеванын маалыматы боюнча, Баткен шаарынын мугалимдери өткөн жылдын декабрь айы үчүн айлык акысын албай калган. Анын себептерин иликтөөнү депутат өкмөттөн талап кылды. Ал эми депутат Мария Исанова айылдарда электр жарыгынын жоктугунан окуулар үзгүлтүккө учурап жатканын, жарыкты өчүрүүлөрдүн тартибин өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.(AiT)