Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Р.Исаковдун электрондук кат менен жиберген рапорту кабыл алынбайт


Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Мурат Ашырбеков бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аскер кызматындагы адам Куралдуу Күчтөрдүн катарынан бошотуу тууралуу арызын өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жазып, ага өз колун коюш керек. Ал эми электрондук кат менен келген жана колу коюлбаган арыз кабыл алынбайт. Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаков атасын саясий куугунтуктоолорго байланыштуу Куралдуу Күчтөрдүн катарынан бошотуу тууралуу арызын АКШдан жазган. Кошмо Штаттарда ал антитеррордук коалициянын алкагында кызмат өтөөдө. Исмаил Исаков өз кезегинде уулу Руслан Исаков АКШдан саясий баш паанек сурашы ыктымал экендигин билдирген.(AiT)

XS
SM
MD
LG