Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

ЖК балдар үйүндөгү балдар укугун коргоо боюнча убактылуу комиссия түздү


Бул маселе боюнча депуттар алдына Коммунисттер фракциясынан депутат Бүмайрам Мамасейитова чыкты. Эске салсак, жакында Балдарды коргоо департаменти, Балдар укугун коргоочулар лигасы Баш прокуратурага “Мээрим Булагы” балдар үйүнүн деректири балдарды мыйзамсыз өлкөдөн алып чыгууда, диндерин алмаштырууда, деп арыз жолдогон. Балдарды коргоо департаменти бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүп, фактылар далилденсе балдар үйүн жапканга чейин барабыз дешкен эле. Балдарды коргоочулар лигасынын билдиришинче, Кыргызстанда алтымыштай балдар үйү бар. Соңку 10-15 жылда жылдары өлкөдө балдарды багуучу жайлар үч эсе көбөйгөн. (EK)

XS
SM
MD
LG