Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Талас: УКК журналисттердин дайын-дарегине кызыгууда


Улуттук коопсуздук кызматынын Таластагы өкүлдөрү аймактагы массалык маалымат каражаттарын кыдырып, журналисттердин даректеринин тизмегин талап кылышкан. Мындай көрүнүштү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

Соңку күндөрдө Талас облусу көңүлдүн чордонунда болуп, оппозиция менен бийликтин ортосунда ар кандай келишпестиктер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан айтылып жатты. Өмүрбек Текебаев жана анын жанындагы оппозициячылардын азыркы бийликке болгон нааразычылык пикирлери «Мындай бийликтин бизге кереги жок. Энергетика кризиси, коррупциянын тамырлашы» тууралуу сөздөр көбүнесе жеке менчик үналгылардан жаңырып, гезит беттеринде чагылдырылып жатты.

19-январда Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын кызматкерлеринин бири Талас шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын жетекчилерине кайрылып, алардын кол астында иштеген журналисттердин телефон номерлерин, үй даректерин жана кайсыл партия, уюмга кирээрин кагазга жазып берүүсүн талап кылган.

Жеке менчик «Некс» радиосунун жетекчиси Айбек Турдалиев да жогорудагыдай тизмени Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө берген. Анын айтымында, мындай көрүнүш мыйзамсыз:

- Бул одоно укук бузуу болду. Менин оюм боюнча, ММКлардын ар бир кызматкери кандай багытта иш алып барат, телерадио, же гезиттин кызматкерлери кимиси кандай өңүттө болуп аткан окуяларды оппозиция жактан, же мамлекет тараптан чагылдырабы деген максатта ушул маалыматтарды алды болуш керек деп ойлойм.

Айрым булактардан мындай буйрук облустук бийлик тараптан болгон деген маалыматты уккан соң губернатордун басма сөз катчысы Бакай Садыров менен сүйлөшүп көрдүк. Басма сөз катчы бул жөн гана Улуттук коопсуздук кызматынын өздөрүнүн жумуштары болсо керек деп, буга саясий боек берүүнүн кажети жок дейт:

- Эч кандай саясий себеп жок бул жерде. Себеби биздин басма сөз кызматында бардык облустагы журналисттердин даректери бар. Бул жөн гана Улуттук коопсуздук кызматынын өздөрүнүн иши болуш керек.

Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү «Азаттыкка» бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты.

Талас шаарында учурда онго жакын эркин массалык маалымат каражатары бар.
XS
SM
MD
LG