Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Барак Обаманын сөзгө бекем экенин «Гуантанамо» абагы көрсөтөт


Гуантанамо түрмөсү
Гуантанамо түрмөсү

АКШ президенти Барак Обама бүгүн Гуантанамо абак жайын бир жылдын ичинде жабуу тууралуу буйрукка кол койот деп күтүлүүдө. Президенттин кыйнап суроолорду токтотуу, террорчу деп шектелген 250дей туткунду кармоо шарты өзгөртүү жөнүндө да өзүнчө буйрук чыгары айтылууда. Адам укугун коргоочу уюмдар жана АКШнын союздаштары "Гуантанамо" түрмөсү жабылат деген кабарды оң баалашууда.

Кубанын четиндеги Кошмо Штатарга таандык Гуантанамо түрмөсүндө азыр 250 чамалуу террорчу деп шектелген адам кармалууда. Алардын көпчүлүгү узак жылдардан бери сот өкүмүсүз отурушат.

Барак Обама президенттик милдетин аткара баштагандын экинчи күнү Гуантанамону бир жыл ичинде жабуу жөнүндө буйрук чыгарары, ошондой эле суракка алууда кыйноочу техникаларды колдонууга тыюу салган өзүнчө буйрук чыгаары күтүлүүдө. Буга катар АКШ армиясынын жобосуна жараша, туткундарды кемсинтип-коргоо, кыйноо жана коркутууга жол бербөө талап кылынмакчы.

АКШнын адам укугун бузууда деп күнөлөөгө себепчи болгон абак жайды жабуу менен Барак Обама шайлоо өнөктүгү учурундагы чоң убадаларынын бирин аткарат. Президент Обама Гуантанамону жабууну буйруйт экен деген кабарды эларалык коомчулук, анын ичинде АКШнын союздаштары жылуу кабыл алышты.

Еврокомиссиянын өкүлү Мишел Серкон «Гуантанамо жабылса, анда кармалып жаткан адамдардын соту адилеттүү болот» деп ишенет:

- Мыйзам жобосуна ылайык, ар бир адам сотто өзүн өзү коргоого укуктуу. Еврокомиссиянын вице-президенти Жак Баррот Кошмо Шаттар Гуантанамо туткундарына байланыштуу жагдайды ачыкка чыгарат деп ишенет. Анын туткундарынын баары сот алдында тең укуктуу.

Барак Обама Гуантанамадогу аскерий трибуналдын ишин токтом деп да сөз берген. Трибунал өзү тергөөчү, өзү сот, өзү прокурор жана далилдерге таянбай өкүм чыгарат деп сындалып жүрөт. Ошон үчүн азыр сот жараяны кандай жүргүзүлөрүн тактап алуу маанилүү, дейт адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюмунун өкүлү Рид Бруди:

- Абакта колдонулган ыкманы токтотуу системаны бүтүндөй жабуудагы маанилүү биринчи кадам. Гуантанамону жабуу өтө маанилүү. Эми Гуантанамодо кармалган бардык адамдарга мыйзам чегинде мамиле жасалат деп кепилдик берүү зарыл. Алар Америка сотунда эларалык нормаларга жараша соттолууга тийиш. Алар согуш туткуну катары кармалыш керек же койо берилиши шарт.

Барак Обама абалкы иш күнү тыш өлкөлөрдүн лидерлеринин ичинен биринчи болуп Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббаска телефон кагып, байкоочулар үчүн күтүүсүз алгачкы кадамды жасады. Бул эмнени билдирет?

Жорж Вашингтон университетинин профессору Натан Браундын пикиринче, Обаманын «бийлик мөөнөтү бүткөн жана палестиндерди жарым жартылай гана башкарган өкмөттүн башчысы Махмуд Аббаска» телефон какканы, анын али да болсо маанилүү саясый фигура экенине көңүл буруу:

- Мунун бир символикалык маанисы мындай болушу мүмкүн деп ойлойм: Махмуд Аббас Израил-ХАМАС согушуна эч аралашпады. Ошон үчүн телефон чалуу анын маанилүүлүгүн ырастап койуу болушу этимал.

XS
SM
MD
LG