Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Басма сөз Барак Обама жөнүндө


Дүйнө АКШдагы тарыхый окуяга, өлкөнүн кырк төртүнчү жана биринчи ындыкара президентинин кызматка киришүү салтанатына күбө болду. Ага катар бул күндөрү АКШнын жаңы президенти жана анын администрациясы туш келүүчү көйгөйлөр дүйнө өлкөлөрүнүн ММКларында кызуу талкууланды. Бирок айрым мамлекеттердин ММКлары бул окуяны жээригендей да болушту.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчылары Обаманын инагурациясы Иранда, Иракта, Ооганстанда жана эски совет аймагынын ММКларында кандай чагылдырылганына байкоо салды.

Вашингтон менен алакасы жакшы эмес Беларус өкмөтү АКШ же анын президенттерине жакындыгын эч качан билдирген эмес. Бирок бул ирээт Минскинин Вашингтого Обаманын ант берүү аземин чагылдыруу үчүн тележурналисттердин тобун жөнөтүүсү адаттан тыш окуя болду. Мамлекет каржылаган телеканалдын кабарчыларынын Америкадыгы тарыхый окуяны оң маанайда чагылдыруусу расмий Минскинин Батыш менен жылуу мамиле орнотуу ниетинен кабар бергенсийт.

Обаманын ант берүү аземи, жаңы президенттин болочок саясаты тууралуу эски совет аймагынын башка өлкөлөрү, анын ичинде Орусия, Грузия, Армения, Кыргызстандын ММКлары кең –кесири сөз кылышты.

Москвада чыгуучу "Независимая газета" Барак Обаманын инагурациялык сөзүн анализдеп, ал Орусиянын бир да жолу эскербегенин белгилейт. "Сөздө Орусиянын жоктугу принцибинде тынчыздандырбашы керек эле. Бирок Орусияга шилтеме жасоо президенттин: "Эски достор жана мурдагы душмандар менен өзөктүк коркунучту азайтуунун үстүндө талыкпай иштейбиз" деген фразасында даана байкалып турат",- деп жазат басылма.

Армения менен Грузиянын оппозициячыл маанайдагы басылмалары Обаманын инагурациясын өз өлкөлөрүнүн лидерлерин сындоо мүмкүнчүлүгү катары пайдаланышты. Алсак Грузиянын
" Резонанси" басылмасы президент Михаил Саакашвилини АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун "сүймөнчүгү" деп атап, эми Обама АКШ – Грузия алакаларына өзгөрүү алып келет деп суроо салат.

Арменияда болсо оппозициячыл "Лрагир" гезити Обаманын инагурациясын армян президенти Серж Саркисяндын былтыркы ант берүү аземине салыштырды. Басылма белгилегендей, коопсуздук жагынан олуттуу тобокелчиликтерге карабай, Вашингтондо салтанатты көрүүгө 2 миллиондой адамга мүмкүнчүлүк берилди. Ереванда болсо былтыр Серж Саркисяндын ант берүү аземине көргүсү келгендерди полиция кубалаган.

Эски совет аймагы менен Жакынкы Чыгыштын журналисттери ага катар Обаманын администрациясы туш келүүчү кыйынчылыктарга, өз өлкөлөрү америкалык жаңы бийликтен эмнелерди күтүп жатканына да көңүл бурушту.

Багдада чыгуучу жарым расмий "Ал-Сабах" гезити Обанын Ирактан америкалык аскерлерди он алты айда чыгаруу планы бардыгына токтолот. Ал эми Ирактын дагы бир "Ал-Иттихад" гезити АКШнын биринчи ындыкара президентин ортоңку ысымы арабча жана "мусулман теги" бар экенин белгилөө менен кубаттайт.

Ооганстанда "Ооган", "Шамсад", "Саба", "Лмар", "Нур" өңдүү жеке менчик телеканалдар Вашингтондогу окуяларды түз алып көргөзүү менен кеңири чагылдырышты. Комментаторлор Обама Ооганстанга тынчтык жана стабилдүүлүк алып келерине ишеним билдиришти.

Ал эми коңшу Иранда консервативдүү маанайдагы "Кейхан" гезити маселен Обаманы Жорж Буштун эле "логикалык уландысы" деп атады. Жаңы президентти күтүп турган урган маселелер тууралуу сөз кылып, газета ал "чоң шапалак жана чоң токоч" ыкмасын колдонорун болжолдоо менен менен "Обама Иран байытуудан (уран) башка чоң токочту кабыл албасын аңдап –билген сыяктуу",- деп белгилейт. "Кейхан" гезитинин пикиринде, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда кандайдыр бир макулдашууга жетүү мүмкүнчүлүгү өтө эле төмөн.

Бирок ирандык басылмалар баары эле мындай бир жактуу тыянак чыгарган жок. Байистүү көз караштагы "Афтаб –е- Язд" гезити Ирандын өзөктүк маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн мурдагы өкүлү Хассан Роханинин комментарийин басты. Ал Обама шайлоо өнөктүгү учурунда Иран менен түз сүйлөшүүнү убада кылганына токтолуп, " Обама өзөктүк маселеде айнек ача аларына" үмүт билдирет.

Өзбекстанда болсо мамлекеттик телеканалдар менен гезиттер АКШнын жаңы президентинин ант берүүсүн негизинен жээришти. Бирок чагылдыруунун болбогону карпайым өзбекстандыктардан ал окуяга такыр эле кызыгуу жок дегенди туюндурбайт. Өзбекстандыктардын айтымында, алар АКШдагы тарыхый окуядан саттелит табактар менен кармоого мүмкүн болгон чет элдик ММКлар аркылуу кабардар болушту.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG