Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп, деп билдирди ички иштер министри Молдомуса Конгантиев. Былтыр өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопко тартылган чет өлкөлүктөрдүн саны үч миңге арбын болгон. Төлөтүлгөн айыппул эсебинен мамлекет казнасына 11,5 миллиондой сом түшкөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 2,5 миллион сомго көп. 220дан ашык адам өлкөдөн чыгырылган. (EBM)