Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

“Жаңы ордо” гезит санын белгисиз бирөө дүңүнөн сатып алды


Гезиттин башкы редакторунун орун басары Шекербек Калыковдун “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, буга “Кошелекту ким тоноду?” деген макаланын жарыяланышы себеп болду. Макалада Ош облустук бажыканасынын башчысы Райымбек Матраимовдун бир нече үйү тонолуп, анда 18 миң АКШ доллары, 100 миң сом, 40 миң сомдук алтын буюмдары уурдалганы тууралуу жазылган. Ш.Калыковдун айтымында макаланы жарыялабоо тууралуу буга чейин да талаптар болгон. Ага Р.Матраимов ушунча байлыкты кантип топтогон деген маселе чыгат деген кооптонуу түрткү болгон деген ой бар,-деген редактордун орун басарынын айтымында, 3 миң нускада чыккан гезиттин бул санынын окурмандарга жетпей калгандыгына редакция кабатыр.(BD)

XS
SM
MD
LG