Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Лесхоздук 41 окуучу мектепке бара албай калышты


Бул тууралуу "Азаттыкка" Аламүдүн районундагы Лесхоз айылынын тургуну Абдыкасым Амираев билдирди. Анын айтымында, буга райондогу Маевка айылдык кеңештин өткөн жылдагы чечими негиз берди. Депутаттар Лесхоз айылынан 8 чакырым алыстыктагы Маевка айылындагы мектепте окуган 41 окуучу үчүн жылда берилчү жол кире каражатын бөлбөй коюшкан. Ушундан улам ата-энелер Билим берүү министрлиги менен район прокуроруна арыз жолдошту. Ал эми айылдык кеңештин депутаты Манас Ажыкулов “Азаттыкка” бул маселе кезектеги сессияда кайра каралып, балдардын жол киресине акча бөлүнөөрүн билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG