Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Энергетиканын маанилүү 3 ишканасын сатуу конкурсу 27-январда болот


Мындай маалыматты “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров билдирди. Анын айтымында, азыр сатып алуучулардан канча арыз түшкөнү жашыруун, ал конкурс болгон күнү гана жарыяланат. Өкмөт “Түндүк электр”, “Бишкек жылуулук тармактар” жана Бишкек ТЭЦинин баалуу кагаздарын менчиктештирүүгө тендер жарыялаган. Аталган ишканалардын баасын “Славянский восток” деген жабык акционердик коом бычып, “Түндүк электрдикин” 4 миллиард 817 миллион, “Бишкек жылуулук тармактардыкын” 2 миллиард 758 миллион, Бишкек ТЭЦтикин 11 миллиард 438 миллион сомго баалаган. Тендерде утуп алган тарап 2012-жылга чейин ТЭЦке 281 миллион доллар, “Түндүк электрге” 64 миллион доллар, Бишкек жылуулук тармактарга” 22 миллион долларлык инвестиция салышы башкы шарт жана алардын жылдык жүгүртүүдөгү каражаты 100 миллион доллардан кем болбошу керек. Азырынча сатып алуу ниетин Орусия менен АКШнын инвесторлору гана билдирди деген маалымат бар. (BD)

XS
SM
MD
LG