Президенттин мурдагы басма сөз катчысы Нурлан Шакиев “эмгек өргүүсүнөн кийин УТРКга жетекчиликке барат” деген ушак-айыңдарды четке какты. “Бул кызмат орду мага бир жыл мурун сунушталган. Бирок мен андан белгилүү себептер менен баш тарткам” , –дейт “Азаттыкка” Н. Шакиев. Президент ага УТРКдан тыш кызмат ордун сунуштаганын билдирген Н. Шакиев 15-февралдан кийин бул тууралуу ачык маалымат берерин айтты. (EK)