Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

“Жылдыздар манежде” долбооруна катышчулар тандалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” долбоордун жетекчиси, УТРКнын кызматкери Элмира Тезекбаева билдирди. Анын айтымында, кино, эстрада, театр жана башка тармактардын таанымал өкүлдөрүнүн арасында цирк өнөрүн көрсөтүүгө жарыяланган конкурска катышкан 50дөн ашык адамдын 20сы тандалды. Алардын ичинен 1-февралда болчу экинчи сыноодон жакшы өткөн 11 адам февраль, март айларындагы чыныгы таймаштарда ат салышат. Алар азыр Кыргыз циркиндеги машыктыруучулар менен даярдыктан өтүп жатышат. Бардык сыноолордон жакшы өтүп, көп упай топтогон жылдыз 100 миң сом байге алат. Сынакка катышкандардын арасында эстрада ырчылары Жаннетта Бобкова, Анжелика, опера ырчысы Зарема, “Шаттык” бий ансамблинин жетекчиси Эрик Латыпов жана кино өкүлдөрү бар.(BD)

XS
SM
MD
LG