Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Жалал-Абат: Бийликтен аны жактагандардын да көңүлү калды


Жалал-Абат облусунун тургундарынын бийликке көңүлү баштагыдан сууп калды. Коомчулуктун белгилешинче мындай жүйөөгө кымбатчылык, энергетикалык кризис, миграция, коррупция себепкер болууда.

Март ыңкылабында облбийликти ээлеп алгандар менен бирге токмок жеп, бийликти кубаттаган Анарбай Орозов ошондогу үмүт-тилектери орундалбай калганына капаланганын билдирди:

- Аялым экөөбүз тең 19 күн администрациянын ичинде жүрүп, ушул бийликти колдогонбуз. Бакиев келсе эле жыргайбыз, сүт ичип, сүт көлдүн үстүндө сүзүп калабыз деп. Жок, андай болгон жок. Бийликтин алсыздыгына мен ушунчалык таң калам, кайсы токум менен, кайсы кийиз менен алмаштырып атат.

Жалал-Абат шаар тургуну Мирбек Ашыровдун көз карашында мурда өчпөгөн жарыктын үзгүлтүккө учурашы бийликке болгон элдин нааразылыгын жаратууда. Анын белгилешинче суу башы боло туруп, аны тескей албоо «жаман үйдү коногу башкарат» деген макалдын чындыгын ырастап турат:

- Бакиев жаңы шайланган маалда элдин баары оңолот деп үмүт кылып атты эле. Андан баары кайра эле аркага кетип атат, баары кымбаттап. Кыматтаганы мейли заманга туура келип атат деп атат го. Бирок Кыргызстанда жашап атып электр энергиянын кымбаттаганы туура эмес.

Губернатордун орунбасары Дамира Алимжанова көпчүлүктүн бийликтен көңүлү сууп баратат деген пикирге кошулган жок. Орунбасардын ырасташынча бийлик турмушту жакшыртуу үчүн айлык-пенсия,.жөлөк пулдар менен кошо жумушчу орундарын көбөйтүп, коррупция өңдүү курч кырдаалдарды жоюуга жер-жерлерде стратегиялык иш-чаралар иштелип чыккан:

-Иш план түзгөнбүз, ошонун негизинде иш алып баратабыз жана алдыбызга койгон максаттар бар. Ушундай эле кеңештерди Ак-Суу, Сузак райондорунда дагы түзүүнүн алдында турабыз. Дегеле алдыда пландарыбыз көп.

Сузак районунан Нармамат Акматалиев:

- Кандай тирилик кылабыз, свет жок, турмуш өтө оор.

Эргеш Исаков, дарыгер:

- Бийлик мага жакпайт. Себеби булар коррупцияга аралашып кеткен, коррупциянын бизнесин ушулар кылып атат. Ошон үчүн эл кыйналып атат, мен да кыйналып атам. Көмүр 6 миң, мен врач 4 миң айлык алам, жашоого жетеби ошол. Бир кап ун алам, балдарым ачка. Айлыкты кошуп атам деп жалганды эле айтып атат.

Назима Иманова :

- Орусиядан балдар кичине акча таап Кыргызстандын экономикасын кичине көтөрүп атат. Алар жок болсо турмуш токтоп деле калат окшойт. Элдин жашоосу мурдагыдан да начар болуп кетти. Мамлекет чиновниктери ушуга элди алып баратат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG