Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Казакстан жана Индия өзөктүк кубат боюнча кызматташууну макулдашты


Эки тараптуу келишимге бүгүн Делиде кол коюлду. Казак президенти Нурсултан Назарбаев учурда Индияда төрт күндүк иш сапары менен жүрөт. Келишим Казакстан Индиянын реакторлорун өзөктүк отун, башкача айтканда уран менен камсыздоосун карайт.

Делиде эки тарап ошондой эле Индия Казакстандын Каспий жээгиндеги Сатпаев мунай кенин иштетүүгө катышуусу караган келишимге кол коюшту.

Президент Нурсултан Назарбаев дүйшөмбү күнү Делиде Индиянын Республика күнүнө арналган аскерий парадга катышат.

XS
SM
MD
LG