Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Газада мектептер кайрадан ачылды


Улуттар уюмунун башкаруусу астында иштеген мектептер Израиль Хамаска каршы жасаган чабуулдан соң алгачкы ирээт ачылып олтурат. Мектепке 200 миңдей бала кайтаары күтүлүүдө. Үч аптага созулган жаңжаал учурунда мектептердин көбү үй-жайы бузулган же талкаланган палестиндердин башкалкалоочу жайына айланган.

Бул аралыкта Франциянын президенти Николя Саркози палестин согушкерлерине багытталган курал контрабандасына жол бербөө үчүн Газа тилкесинин айланасындагы бейтарап сууларга аскерий кеме жөнөтүүнү буюруду. Бортуна тик учактарды салган аскерий кеме эл аралык сууларды Израил менен Египеттин кемелери менен биргеликте көзөмөлдөйт. Мындай операциянын максаты - Газа тилкесинде Израиль менен Хамас кыймылынын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууну бекемдөө.

XS
SM
MD
LG