Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

НАТО менен Орусия ортосундагы "муз эрүүдө"


Бул тууралуу бүгүн Орусиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин билдирди. Ал "Эхо Москвы" радиосундагы интервьюсунда белгилегендей, Орусия – НАТО кеңешинин алдыдагы дүйшөмбү күнкү жыйыны "иштин кайра жандануусу" болот.

НАТО эки ортодогу кеңештин жыйындарын былтыр августа орун алган кыска согуштан соң Орусия Грузияга каршы күчтү ашыкча колдонгонуна нааразылык билдирип токтоткон.

Ушул жума күнү болсо орус президенти Дмитрий Медведев Орусия АКШга жана анын өнөктөштөрүнө Ооганстанга аскерий эмес жүктөрдү ташууда жардам көргөзүүгө даяр экенин билдирген эле. Ал ошондой эле Москва Ооганстанда наркосоодага жана террорчулукка каршы күрөштө эл аралык аракеттерди колдоого даяр экенин да айткан.

Мамлекеттик департамент Москванын убадасын кубаттап, жаңы администрация Орусия менен Ооганстан боюнча иштөөнү чыдамсыздык менен күтөрүн билдирди.

АКШ жана НАТО азыр Пакистан аймагындагы кол салуулардан улам Ооганстан аймагындагы аскерлерине жүк жеткирүүнүн альтернативалуу жолдорун издешүүдө.

XS
SM
MD
LG