Кырсык өлкөнүн түндүгүндөгү Зигана тоосундагы курортто болду. Гүмүшхане провинциясынынын губернатору Энвер Салыхогулынын билдиргенине караганда, каза тапкан алды адамдан тышкары дагы алты киши дайынсыз жоголду, же көчкү астында калды деп эсептелинүүдө. Кар көчкөн кезде 2 миң метрдей бийиктиктеги тоодо 15тей адам эс алууда жүргөн.